Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 24-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады.

Анын айтымында башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды.
«Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дагы айтып кетейин. Чет өлкөдөгү 45 участокто акыркы маалымат боюнча 32 580 жаран катталды», — деди төрайым.
1-августта БШК Кыргызстандан сырткары мамлекеттерде шайлоо участокторун түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизип, Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында парламент депутаттарын шайлоого добушканалар ачылган.
Ага чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 43 добуш берүү участогун бекиткен.

Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылат