АКШнын Массачусетс технология институтунун окумуштуулары жылдыздын айланасында дээрлик 3 күндө бир айланып өткөн, Жердин көлөмүндөй планета табышты деп жазат Al-Ain.

Изилдөөчүлөр НАСАнын 2017-жылы башталган К2 миссиясына катышкан орбиталык Кеплер телескопунун жардамы менен планетадан сигналдарды тартып алышты.


«Жаңы планета K2-315b деп аталып, ал K2 миссиясынын жүрүшүндө ачылган 315-планеталар тутуму болуп саналат» деди MИTтин Жер, Атмосфера жана Планетар Илимдери кафедрасынын ассистенти Приваль Нираула.

Доценттин айтымында, планета жашоого мүмкүн эмес, анткени анын орбитасы өтө тар болгондуктан, ал жылдызына өтө жакын турат. Натыйжада, планетанын бети 450 градуска чейин ысыйт же Фаренгейт боюнча 350 градуска чейин ысыйт, бул пирог жасоо үчүн идеалдуу температура.