Кыргызстанда сутка ичинде 142 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 51, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда – 23, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда -1, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 12 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 147ге жетти.