Мындай божомолду Polymetal дын  башчысы Виталий Несист билдирди. Анын пикиринде, унция 2,3-2,4 миң долларга чейин кымбатташы мүмкүн, бирок 3 миң долларга жетпейт. Бул тууралуу ал «Коммерсантъ» гезитине берген маегинде билдирди.


«Негизинен, алтын — циклдик товар. Эми биз кийинки айлампанын туу чокусунун башында турабыз. Анын канчага созуларын алдын-ала айтуу кыйын, бирок циклдин узактыгын кыскартуунун жалпы тенденциясы байкалууда », — дейт эксперт. Ошондой эле  ал  баалуу металлдын баалары эң жакшы учурда кыска мөөнөткө көтөрүлө тургандыгын кошумчалады.

Белгилүү болгондой, «Polymetal” Россиядагы эң ири күмүш жана алтын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы катарына кирет.