Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппаратынын жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлеринен түзүлгөн облустук комиссия, район шаарларда беткап режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө.

Жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди.

Ал эми тийиштүү органдар тарабынан да, пландуу турдө, тынымсыз рейд жүрүп жатат.

Натыйжада кечээ 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды.

Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда дагы да эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда.

Эл көп топтолгон жайлардагы санитардык талаптардын аткарылбагандыгы жана той мааракелердин өткөрүлүшү, эпид кырдаалды турукташтырууга түздөн түз тоскоолдук жаратууда.