Бүгүн, 25-сентябрь күнү Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда белгилүү хирург Иса Ахунбаевдин туулган күнү белгиленди.

Окуу жайдан билдиришкендей, мугалимдер, ординаторлор окуу жайдын башкы имаратындагы Иса Ахунбаевдин эстелигине гүлчамбар коюшкан.

«Келген адамдардын алдында медициналык академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова сөз сүйлөп, Иса Ахунбаевдин Кыргызстандын жогорку медициналык билим берүү, медицина тармагына кошкон баа жеткис салымын белгилеп өттү», — деп билдиришти окуу жайдан.

Иш-чарага бир катар окумуштуу, дарыгерлер, Иса Ахунбаевдин кызы Нелли Ахунбаева жана небереси Сталбек Ахунбаев катышкан.