Уюмдар жана жеке ишкерлер салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө өтүшөт
Кыргызстанда уюмдар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы токтому менен бекитилген “Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө” ылайык белгиленген.
Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул мезгилден тартып салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.
Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлордон (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Инфоком, Dostek, Ubr) алууга болот.
Эскерте кетсек, жогоруда аталган токтом менен бекитилген мөөнөттөргө ылайык 2019-жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетун электрондук түрдө тапшырып келишүүдө.
Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.
Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.