Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектин Чүй менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде скутер менен «Хюндай Портер» унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, окуя эртең мененки саат 09:40тар чамасында болгон. Скутердин 33 жаштагы Ш.А. аттуу айдоочусу Чүй проспекти менен бара жатып «Хюндай Портер» унаасын сүзгөн.
Жол кырсыгынан улам скутердин айдоочусу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Учурда окуянын чоо- жайы такталууда.