Аламүдүн районунда белгисиз адамдар түрк жаранына ок чыгарышты
Аламүдүн районунда белгисиз адамдар түрк жаранына ок чыгарышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Маалым болгондой, окуя мурунку түнү болгон.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, чет элдик жаран травматикалык тапанчадан атылган. Жабырлануучунун буту жана денеси жабыркаган. Жабырлануучудан 80 миң сом алынган », — деп билдирди редакция.
Бул фактыны Чүй облусунун ИИББ тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча катталган. Жараат алган жаран аймактык ооруканага жеткирилген.
«Чет элдик жаранга 24-сентябрда саат 23.40 чамасында Кашка-Суу айылынын жанында ок атылган. Беткапчан белгисиз адамдар Түркиянын жаранын сабап, белгисиз курал колдонуп, акча уурдап кетишкен », — деп билдиришти мекемеден.