Мен дагы башымдан өтүп жаткан окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Өзүм да бирөөнүн колунда жүргөн келинмин. Кудайга шугур кайын журтум мага рахматын айтып олтурушат. Өзүмдун ата-энемдин да келини бар. Келинди жаман дебеймин элибизде келиндин кандай экенин билгиң келсе «майлыгы менен идиш аягын көр» дегендей ушунчалык балиттиги жаман экен. Төркүндөп келип көрүп жатам такыр идиш аяк жуулбайт. Качан гана апам жумушунан бошоп калганда үйдү тазаламыш болуп кылат экен. Идиш аяк эмес жада калса үйдү чаң соргуч менен тазалап койсо да сүйүнөт экенсиң.

Ушундай балит келин туш болот деп такыр ойлобоптурмун. Мен кайнежеси катары ушул убака чейин бир да сөз айткан эмесмин жана айтпайм да себеби мен да келинмин. Жашап жаткан үйүн таза кармабаса ата энеңди сыйлабаганы. Эрте туруп ысык чайын берип, үйдү тыкан тазаа кармап олтурса сүйүнөсүнда.

Менин оюмча келин муну сөзсүз кылышы керек деген ойдон алысмын. Жөн гана өзүнүн тамак ичкен идиш аягын жуубаган аялды кантип аял деп айтууга ооз барат? Башкасын айтпай эле коёюн. Турмушка чыкканына 3 жыл болуп жатат баласы жок ушундан келинден барынан жогу жакшы го дейм .