Юридикалык илимдердин доктору, профессор, КРдин эмгек сиңирген юристи, КР Коопсуздук кеңешинине караштуу коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун мүчөсү Кайрат Осмоналиев менен маек

«Даймонд Ситинин» иши боюнча Рустам Мамановдун бир да күнөөсү далилденген жок»

Суроо:”Даймонд-Сити” турак жай комплексин рейдерлик басып алуу боюнча чуулгандуу кылмыш иши жөнүндө сиз эмнелерди билесиз?

Азыркы учурда биздин коомдун бардык жеринде коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат.  “Даймонд-Сити” боюнча иш абдан чуулгандуу жана резонанстуу болуп эсептелет, бул иш боюнча айыпталуучулардын бири болгон Рустам Мамановдун адвокаты мага тергөөдөгү жана соттогу териштирүүгө укуктук баа берүү өтүнүчү менен кайрылды, кылмыш ишинин материалдарын берди.  Бул иш боюнча соттук териштирүү ачык өтүүдө, ошондуктан мен анда катышып, өз пикиримди түздүм,  жана урматтуу окурмандар, аларды сиздер менен бөлүшкүм келет.

Бул иш боюнча фигурант катары коомдук ишмер, КР Жогорку Кеңешинин экс депутаты, азыркы тапта жеке ишкер Рустам Маманов, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы судьясы Э.С.Джаркеева, Р.Мамановдун иш жүзүндөгү кызматкери М.Анарбаев өтүүдө, УКМКнын тергөөсү тарабынан М.Анарбаевдин айыбы болуп, ишкананын ээси алмашкандан кийин “BLS” ЖЧКнын директорунун милдетин аткарууга ага ишеним каттын берилгендиги гана аныкталды.

Иштин фабуласына бир аз токтолсом: кандайдыр-бир Рустам Воинов деген келишимди жараксыз деп табууну суранып, сотко доо арыз менен кайрылат, ошол эле учурда, “BLS” ЖЧКдагы өз үлүшүн ажыратууда алдангандыгын, кытайлардан акча албагандыгын көрсөткөн.  Сот анын доо арызын канааттандырган, Бишкек шаардык соту жана КР Жогорку Соту сыяктуу жогорку инстанциялар чечимди күчүндө калтырган.   Бирок, иш боюнча мурдагы судья Э.С.Джаркеева гана жоопко тартылууда.

Иштин материалдарын изилдегенде, тергөөнүн алдына коомдук ишмер, жеке ишкер Р.Мамановду мокочо кылып көрсөтүү, ал эми мурдагы судья Э.Джаркееваны соттук мантия кийген башкы коррупционер кылып көрсөтүү милдети коюлгандай таасир калтырат.

Биздин өлкөдө, иш жүзүндө ар бир жеке ишкер кылмышкерлер менен байланышта деп эсептелет, ошондуктан, ишкер эле болсо берене табылат деген принцип боюнча ири ишкерлерде кандайдыр бир кылмышта, көбүнчө алдамчылык, рейдерлик, же башка финансылык тартип бузуу боюнча айыпталуучу болуп калуу тобокелдиги болуусуна таң калбай эле койсо болот, андай учурда дайыма даттануучулар жана күч органдары тарабынан көзөмөл сөзсүз болот.

Биздин өлкөдө КР Президенти тарабынан жарыяланган коррупция менен күрөшүү – коомчулук тарабынан колдоого алынган жаңы багыт.  Бирок, жогоруда аталган кылмыш иши боюнча көптөгөн суроолор жаралат.  Эгерде мурдагы судья Э.Джаркееванын чечими жогорку инстанциялар тарабынан күчүндө калтырылса, эмне үчүн анын кесиптештери аны менен жоопкерчиликти тең бөлүшпөйт.  Коомчулуктагы коррупция менен күрөшүү бир топ эле тандама жол менен жүрүп жатат деген пикир бекемделип жатат.

Суроо: Бул иш боюнча деги ким жабырлануучу тарап болуп эсептелет?

Так ушул суроо кызык суроо болду. Өз көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып укук коргоо жана сот органдарына гана эмес, ар кандай криминалдык төбөлдөргө, тагыраагы Эркинбек Мамбеталиевге кайрылып, үч көйгөйлүү маселе боюнча “жардам” берүүсү үчүн “супер ыңгайлуу шарттарда” ага бир миллион АКШ долларын берген жабырлануучунун – Гао Жен Вей деген кытай жаранынын өздүгү да көп суроолорду жаратат.  Күбө Э.Мамбеталиевдин өз көрсөтмөлөрүнөн белгилүү болгондой ал убакта жыйынтык чыккан эмес.

Суроо: Рустам Мамановго тагылган айыптын маңызы эмнеде?

Тергөөнүн версиясы боюнча – Рустам Маманов – коррупциянын, алдамчылыктын жана өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун эң башкы уюштуруучусу.  Кылмыш иши 51 (элүү бир) томдон турат, ал томдордун бир нечеси “Даймонд-Сити” турак жай комплексинде батирлерди сатып алган күбөлөрдү суракка алуунун протоколдору менен толтурулган, алардын баарына Р.Мамановдун жана ага жардамчы кыздын ролу жөнүндө суроолорду беришкен.  Суракка алынган тургундар бир нерселерди эстөөгө аракет кылышат, бул болсо, тергөөнүн версиясы боюнча Гао Жен Вейден мүлктү “тартып алууну” уюштуруунун далили болуп эсептелет.  Сотто суракка алынган күбөлөрдүн баарысы Р.Мамановду батир сатып алып жатканда көрбөгөндүгүн, аны тааныбастыгын айтышкан.

Белгилей кетчү нерсе, тергөөнүн жана прокуратуранын бардык айыптоолору “тергөө менен келишим түзүп” Р.Маманов “Диамонд-Ситини” рейдерлик басып алууга жетекчилик кылган, так өзү Э.Джаркеевага 90 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчалай пакетти бергендиги тууралуу айткан Константин Куценконун көрсөтмөлөрүндө курулган, ушул эле учурда айыптоолор анын гана көрсөтмөлөрүнө негизделип, көктөмөдө башка далилдер жок.

“Тергөө менен келишим түзүү” – тереңдеп изилдегенде абдан кызыктуу болгон жаңы институт.  Жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарды иштеп чыгуунун демөөрчүлөрүнүн жана европалык эксперттердин сунуштары боюнча бул ченемди жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарга киргизип жатканда, иш жүзүндө “мыйзамдаштырылган баканооздук” болуп чыккандыгын эске алышкан эмес, башкача айтканда кылмыш ишинин башка фигурантына каршы ким биринчи көрсөтмө берсе, анда, коррупция сыяктуу оор берене боюнча да 10 жылга эркинен ажыратууга эмес, болгону 300 000 сом айып пул төлөөгө кесилет, ошондуктан, ар бир адам өзүн куткарып калууга аракеттенип, ар кандай көрсөтмө берүүгө даяр.

Тергөө Р.Маманов тарабынан “рейдерлик басып алуу” болгондугуна бир дагы далил бере алган жок, ал коррупцияга же алдамчылыкка түртүп жаткан, пара берүүгө көрсөтмө берип жаткан бир дагы аудио же видео жазуу жок, болгону күбөлөрдүн эч нерсеге негизделбеген көрсөтмөлөрү гана бар.  Анда аталган курулуш фирмасына тиешелүү кээ бир документтердин болуусу айыптоонун далили катары түшүнүлүүсү мүмкүн эмес.  А.Маткасымовдун, М.Арабаевдин, Айталиевдин, ж.б. көрсөтмөлөрү алардын Р.Мамановду билбегендигин жана аны менен эч кандай иш алып барбагандыгын көрсөтөт.  Жазылган кырдаал ошондой эле карама-каршы келип, тергөөнүн жана айыптоочу тараптын версиясына күмөн жаратат.

Иштин материалдарында Р.Мамановдун Э.Джаркеева менен байланышта болгондугун далилдеген далилдер да жок, телефондо сүйлөшүүлөр, алардын өздөрү же алардын жакын же алыс туугандары менен жолугушкандыгынын сүрөттөрү, бул жааттагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, бул ишке байланышын кандайдыр-бир ишара кылган бир да далил жок.  Бүткүл айыптоо К.Куценконун көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, “BLS” ЖЧКга байланыштуу бардык документтер Р.Мамановдон табылган, бирок тергөөнүн бул версиясы негизсиз, анткени аталган документтердин бардыгы “Куценко жана өнөктөштөр” юридикалык фирмасында болгон жана ошол жерден табылган, мында белгилей кетчү нерсе, бул фирма турган кеңсени Р.Мамановдон ижарага алышкан.  Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Р.Маманов “BLS” ЖЧКнын иши боюнча бир да отурумга катышкан эмес, бардык иштер боюнча К.Куценконун компаниясынын юристтери катышкан.  Жогоруда көрсөтүлгөн шарттар айыптоонун да, тергөөнүн да версияларын жокко чыгарат.

Сотто суракка алынган 78ден ашуун күбөлөр Р.Мамановду билбегендигин, аны бир да жолу көрбөгөндүгүн, натыйжада аны менен эч кандай иш алып барбагандыгын айтып көрсөтмө беришкен.  Бул фактылар тергөөнүн жана айыптоонун версияларына карама-каршы келет жана аларды жокко чыгарат.

Кийинчерээк судья Э.С.Джаркееванын чечимдери жаңы ачылган кырдаалдар боюнча жокко чыгарылган, буга Р.Воинов менен Гао Жен Вейдин ортосунда кытай тилинде түзүлгөн имиш делген мурда белгисиз келишим негиз болуп кызмат кылган.  Келишим (макулдашуу) боюнча Р.Воинов өзүнүн үлүшүн 5 000 000 АКШ долларына өткөрүп берген, бирок бир дагы сот инстанциясында кытай тарап ал келишимге таянган эмес да, 2018-жылдын май-июнь айларында, Р.Мамановду камакка алып, ага, андан кийин процесстин башка катышуучуларына карата тергөө башталганда гана калкып чыгып олтурат.  Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, буга чейин курамында Гао Жен Вей, “Синхуа” эл аралык тоо-кен корпорациясы турган кытай тарап арыз менен Бишкек шаардык сотуна, КР Жогорку Сотуна, Бишкек ш. райондор аралык сотуна кайрылышкан, бирок эч бир жерде бул документке таянылган эмес.  Р.Воинов бул келишимге кол койбогондугун жана коюлган кол ага тиешелүү эмес экендигин дайыма жана бардык жерде айтып келген.  Бул иш боюнча келишимдин түп нуска экендигин бышыктоо үчүн жаңы экспертиза өткөрүү зарыл.

Суроо: Акыркы соттук отурумдарда кандай маселелер изилденди?

Айыптоонун негизине эксперттердин корутундулары коюлгандыктан, акыркы сот отурумдары эксперттерди суракка алууга багышталды.  Бир эле нерсени айтууга болот, бул корутундулар көз алдыбызда кыйрап жатты. Бул жерде конституциялык негиз салуучу принцип болгон күнөөсүздүк жоромолу иштей баштоосу керек – далилденбеген күнөөлүүлүк  эки жылдан ашуун камакта олтурган, жана эч кандай “сот адилеттиги менен келишим түзүүнү” каалабаган Рустам Мамановдун күнөөсүз экендигине барабар, четтетүүгө жатпай турган күмөндөрдүн баарысы анын пайдасына чечмеленүүгө тийиш.  Биз жетүүгө умтулуп жаткан укуктук мамлекетте так ушундай болуусу керек.

Маектешкен Арина Рысбаева

Булак: «Майдан kg» гезити № 34 25.09. 2020