Бүгүн “Ден-соолук” паркында “Кан донорлорунун улуттук күнүнө” карата кан тапшыруу акциясы өткөрүлөт

Бүгүн, 26-сентябрда саат 09:00дөн 14:00гө чейин ден-соолук паркында Кыргызстандагы “Кан донорлорунун улуттук күнүнө” карата кан тапшыруу акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын айтымы боюнча, донордук кандын зарылдыгы жөнүндө маселе ар дайым актуалдуу жана ар бир каалаган адам кан донору боло алат.

Мындан тышкары, каалоочулар кан басымын өлчөп, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат алышат. Бул гипертония жана башка оорулардын алдын алууга жардам берет.