Видео – Украинада аскер учагы кулап, 23 адам каза болду

Украинанын Харьков облусунда Ан-26  аскер учагы кулады. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“25-сентябрь күнү кечинде Харьков облусунда Украинанын аскер-аба күчтөрүнө тиешелүү болгон АН-26 учагы кырсыктап,  жерге коноюн деп жатканда кулаган. Бортто экипаж мүчөлөрүнөн сырткары аскер-аба күчтөрүнүн Харьков университетинде билим алган курсанттары болгон. Арасында каза болуп, жабыркагандар бар. Маалымат такталып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, учак кырсыгынан 23 адам каза болуп, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтар боюнча жеринде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштөөдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырсык болгон жерге чыгып кеткени кабарланды.