Өзбекстанда атасы жашы жете элек кызын такай зордуктап жүргөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бул окуя Кашкадарыя облусунун Касан районунда болгон.

Jahon.uz маалымат булагы билдиргендей, кызын зордуктоого шектелген 40 жаштагы кишиге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, эркек адам жашы жете элек кызына күч колдонуп, өлтүрөм деп коркутуп, зордуктаган.

Кыздын мага тийбегиле деп жалбарганына карабастан, ал күч колдонуп, кыз кыйкырбашы үчүн, анын бетин жаздык менен басып, зордуктаган.

Атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган кыз ден-соолугуна байланыштуу Касан районундагы төрөт комплексинин гинекологиялык бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканадан, жашы жете элек кызга карата жасалган кылмыш жөнүндө белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, кыз атасынын аракетине каршылык көрсөтүп, бир жолу ал анын бетине урганда, атасы коркутуп, эгер ал бирөөгө айтууга батынса, анда кызды маскара кылаарын, ал эми бул жөнүндө билип калса, апасы аны тирүүлөй өрттөп жиберет деп коркуткан.