Келинчегим менен түтүн булатып келатканыбызга он бир жыл болду. Төрт баланын ата-энесибиз. Элдин арты дагы, алды дагы эмеспиз. Кудайга шүгүр, дасторконубуздан нан, казаныбыздан эт үзүлбөйт.Балдарым менен аялымдын сүйүктүү таттууларын алмайын үйгө барбайм. Дүкөнчү мени таанып деле бүткөн.— Мага сникерс, баунти, чупачупс, аялыма алпенголд, анан, анан…— Кичүү кызыңызга албени.

— Рахмат, эсимен чыгып кетпедиби.Казан-аяк кагышпайт десем калп айтам. Келинчегим экөөбүз кез-кез таарынышып турабыз.Андай күндөрдө ага шоколад алып барбай коем. Ал болсо мен жакшы көргөн тамакты жасап,атайылап тузун ашырып салат. Сонун урушат бекенбиз? Жаман сөз айтып көңүл ооруткандан

көрө, ушундай ыкманы туура көрдүк. Жакында аялымдын мага көптөн берки таарынычы бар экенин билдим.Аяштар менен шеринеде отурганбыз. Сөздөн-сөз чыгып «Ким кантип баш кошуп калган?» деген темага келдик. Досторумдун аялдары мактанып «күйөөм колумду минтип сураган» деп айтып киришти. Ошондо меники «а менин колумду сураган эмес» деди.— Кантип сураган эмесмин? Сунуш киргизбедим беле?— Сен тизелеп отуруп, гүл сунуп, колума шакек тагып макулдугумду сураган эмессиң.

Таң калып туруп калдым. Ушул убакка чейин колун сурагам деп ойлоп жүргөм. Ал аңгыча тема башкага бурулуп кетти. Кыз-жигит болуп эки жыл сүйлөштүк. Келинчегимдин туулган күнүндө апам менен тааныштыргам. Эртеси жуучу жөнөтүп, ошентип баш кошуп калганбыз. Менин оюм боюнча апам менен тааныштырганым, колун сураганым болчу.Ошол күнү уктаган жокмун. Башка бирөө болсо, уруш чыгарып абалды курчутмак. А мен аялымды сүйөм, катамды оңдоп, анын кыялын орундатууну чечтим.Биз жашаган аймакта сонун тоо бар. Ага чыксаң айылыбыз алаканга салып койгондой болуп көрүнөт. Ошол жерге кадимки кинолордой кылып эки кишиге стол даярдадым. Аялыма «саат алтыга даяр бол» деп смс жөнөттүм.— Кайда эле алып баратасың?

— Шашпай тур.

— Бул тоого эмнеге чыгып баратабыз?

— Шашпай тур.Жанатан бери чыдамы кетип бараткан аялым романтикалуу жасалгаланган дасторконду көрүп токтоп калды. Мен ошол маалда чөнтөгүмдөн шакекти алып чыгып, тизелеп отурдум.

— Мен сени сүйөм. Ушул убакка чейин жанымда болуп, төрт бала төрөп берип, ар дайым колдоп келгениңе рахмат. Билбей көңүлүңдү оорутуп же капа кылып алсам кечир. Алтыным, мындан ары дагы мени менен бирге жашоого макулсуңбу?— Макулмун! Макулмун! Макулмун!Көзүнүн жашын кармай албай мени катуу кучактап өпкүлөп кирди. Мен бул окуядан кийин эч качан өзүмчүл болбош керек экенин түшүндүм. Айтайын дегеним, «романтик эмесмин» деп төш каккылай бербей, сүйүктүүңөрдүн көңүлүн алып, «нормальный»кылып колун сурап койгула. Биз буга көңул бурбаганыбыз менен, айымдарыбыз үчүн маанилүү экен.

Булак: bilesinbi.kg