Буга чейин социалдык тармакта эки кыздын мушташып жаткан видеосу тараган. Бул окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, кыздардын ата-энеси бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан.

«Мушташып жаткан эки кыз 13 жаштагы Н.З. менен Д.А. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми эки өспүрүм ата-энелери менен бирге Москва РИИБине алынып келинген. Териштирүү ишинде кыздар жигит үчүн урушуп, мушташып кетишкени аныкталган. Ошол эле убакта кыздардын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.