Улуттук банктын алтын запасынын баасы бир айда дээрлик 16 миллиард долларга көбөйдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, август айынын башында алтындын кору 56 миллиард 893 миллион сомго бааланган, сентябрь айынын башында анын наркы 82 миллиард 824,8 миллион сомго жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары саналууда. Жыл башындагы баага салыштырмалуу 34 миллиард сомго өсүү бар.

Ал эми Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксинги (иш жүзүндө дүйнөлүк баа үч күн сайын жаңыланып турат) бул мезгил аралыгында 14 долларга жогорулап, 1 972,35 долларды түздү. Кеп трой унциясынын наркы — 31,1 грамм жөнүндө болуп жатат.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын төрагасы жакында эле алтын валютанын резерви тарыхый рекордду камсыздап, 3 миллиард доллардан ашканын билдирген болчу. Бул көбүнесе ички рыноктогу алтындарды сатып алуудан болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, Улуттук банкта баш-аягы 16 тонна алтын бар.

Эске сала кетсек, алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.