Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип жатып  эл арасында шайлоодон кийин кайра киргизилет экен да сөздөр айтылып жаткандыгы боюнча пикирин билдирди.

Президент карантинге ишенбей, ар бир адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керектигин белгилеп: “Эми карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да.

Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик – ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь айында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат”, — деп жооп берди.