Ысык-Көл облусунда беткап тагынуу режими күчөтүлдү. Мындай тапшырманы күн мурун облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев берген.

«Санитардык- гигиеналык нормаларды сактоо көзөмөлүн күчөтүү зарыл. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр дагы, айдоочулар дагы беткап тагынышы керек. Бул чара базарларга да тийиштүү»,- деп белгиледи облус башчысы.