Үч бир тууган болгон экен, бири 70 жашта, экинчиси 80 жашта, үчүнчүсү 90 жашта. Үчөө тең сыртынан 60 жаштагы үч эгиздер сыяктуу көрүнүшчү экен. 70 жаштагысынан жаштыкты сактоонун сырын сурашат.

Ал болсо: «80 жаштагы агаман сурагыла, менден он жаш улуу болсо да, мен сыяктуу 60 жаштагы адамдай жаш болуп турат” — дейт. 80 жаштагы агасына барышат. Ал болсо. 90 жаштагы агасын көрсөтүп: «Менден улуу болсо да 60 жаштагыдай жаш болуп турат, ошондон сурагыла” — дейт. 90 жаштагы жигит аксакалга барышат. «Анда эмесе келгиле силерге түшүндүрүп берейин. Алгач бир нерсе жеп алалы, андан кийин айтып берем” — дейт.

Тамактан кийин өзүнө окшогон тың кемпирине дасторконго дарбыз алып келүүсүн өтүнөт. Кемпири үстүңкү каттагы чатырдан бир дарбыз тандап келет. Жигит аксакал дарбызды жактырбай, мындан да жакшыраагын алып кел дейт. Кемпири барып кайра дарбыз алып келет.

Биздин жигит аксакал аны да жактырбайт, кайра башка дарбыз алып кел дейт. Кемпири дагы бир дарбыз алып келет, бирок, аны да жактырбайт. Конокторго: «Кемпир жакшысын тандай албады, келгиле бирге дарбыз тандайлы”, — дейт. Чатырга барганда карашса бир эле дарбыз турат. Кемпирдин бир эле дарбызды кайра-кайра алып кетип жүргөнүн түшүнүшөт. Жигит аксакал конокторуна: «Эми жаш бойдон калуунун сырын түшүндүңөрбү?” — деп сурайт. Алар да түшүнгөн жокпуз дешет.

Аксакал: «Чатырда дарбыз бирөө эмес беле? Кемпирим мени уялтпаш үчүн ар келген сайын башка дарбыз алып келгендей болуп көрүндү. “Чатырда башка дарбыз бар беле, болгону бирөө” — деген жок.

Ал мени эч капалантпады, мен дагы аны эч капалантпадым. Үй-бүлө ичиндеги эч бир нерсени сыртка, башкача айтканда өз эне-атабызга да, башкаларга да эч качан билдирген жокпуз. Бири-бирибизди башка бирөөлөрдүн алдында жаман абалда калтырган жокпуз, уялткан жокпуз. Ошону үчүн экөөбүз тең жаштыгыбызды сактадык” — деп жаштыктын сырын түшүндүргөн экен.

Интернет булактарынан алынды