Бүгүн, 28-сентябрда күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +15…+20

Талас облусунда +14…+19

Баткен облусунда +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында +20…+25

Ысык-Көл облусунда +14…+19

Нарын облусунда +14…+19

Бишкек шаарында бир аз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы +17…+19 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы +13…+15 градус болот.