Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда Орусияга иш сапар менен кетти. Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бар. Ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кошулат.

Жээнбековдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталгандан кийин расмий визит менен Венгрияга барат.

Венгрияга расмий визит менен баруу тууралуу 2018-жылдын сентябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий сапары менен келген учурунда макулдашылган.

Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташуусу талкууланат.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле Венгрия президенти Янош Адер жана Улуттук жыйындын спикери Ласло Кёвер менен да жолугушуулар уюштурулат.