Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз убагында камсыздалышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.

Чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат.

Мындан тышкары парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоо боюнча маалымат угулду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралардын планы иштелип чыккан.