Таалайбек Усупов, ИИМдин Күзөт кызматынын Нарын облустук

күзөт бөлүмүнүн взвод командиринин орун басары, милициянын прапорщиги.

Таалай үй-бүлөсүндө он бир туугандын эң кенжеси. Көп бир тууган болгондуктан атасы аларды катуу тартип менен тарбиялап келген. Каарманыбыз мектеп окуусун бүтүп, аскер кызматына чакырылат, бир үйдүн эң кенжеси болгондуктан аскер кызматын өтөөгө баргысы келген эмес. Атасы Таалайдын мындай кылыгын жактырбай «Чыныгы эр азамат аскерге барып кызмат өтөшү керек, аскерге барсаң жакшы тарбия алып, келечегиңе оң таасири болот»-деп, аскер кызматына узаткан. Аскер кызматын аяктаган соң эң биринчи милициядагы кызматын 2009-жылы ИИМдин Чолпон-Атадагы күзөт бөлүмүнүн босогосун аттоо менен баштаган. Ал жерде бир жылдай иштегенден кийин Нарын шаардык күзөт бөлүмүнө которулуп, азыркы күнгө чейин кызмат өтөп келет. Каарманыбыздын он бир жылдагы басып өткөн милиция кызматында көптөгөн тажрыйба топтоп, өз ишин мыкты алып барып келет.

Дегеле, милиция формасын кийип жүргөн адамдар көп окуяга күбө болот эмеспи. Таалайбек андай окуялардын бирин эске сала бизге айтып берди. «Кыш мезгили болчу, күндөгүдөй эле кызматым аяктап калган. Табелдик куралымды тапшырганы барып, ал жерде кесиптештерим менен бир саатча сүйлөшүп, майда чүйдө жумуштарды бүтүргүчөктү күүгүм да кирип кетти. Кар жаап, жердин бети агарып калган болчу. Мен куралымды тапшырып бүтүп, үйдү көздөй бет алдым. Жөө басып келе жатсам айланадан ыйлаган үн угула түштү. Токтоп эки жагымды карасам,  асты жакта бир кичине кыз туруптур. Басып барып байкасам жука кийимчен, калтырап үшүп да калыптыр. Мен дароо эле үстүмдөгү күрмөмдү чечип, ал кызды орой салдым. Атын сурасам да айтпайт, каякта жашаарын да билбейт экен. Эмне кылаарымды билбей бир аз турдум. Кызды РИИБге алып барсамбы деген ой келди. Бирок жакын жерде ата-энеси болуп калбасын деп да ойлодум. Кар жаңыдан жаап жаткандыктан жердин бети агарып, адамдардын баскан издери байкалып баштаган, дароо оюма бир нерсе келе түштү. Кичинекей кыздын үйү жакын жерде болсо, келген изин кууп барып үйүн табайын деген. Кызды көтөрдүм дагы баскан изи менен келген жагын көздөй бастык. Кудай жалгап, элдер дагы көп жок болгондуктан, кичинекей кыздын изин кууп басканым оңоюраак болду. Көп из аралашып кеткенинде кыздын үйүн таппай калмакпыз. Кыздын изи менен барган биринчи үйүбүздөн жаңылып калыппыз. Ал үйдөгү жашаган адамдар бөлөк болуп чыгышты. Кайра өжөрлөнүп из кубалап жүрүп кыздын үйүн таап алдык. Үйүнө барсам ата-апалары ызы-чуу болуп кызды издеп жүрүшүптүр. Мен кызды ата-энесине тапшырганымда алардын көзүндөгү кубанычын көрүп, мага билдирген ыраазычылыктары мени аябай сүйүнттү. Милициянын ишинде кимдир бирөөгө жардамың тийип, кайгырып жаткан убакта кубаныч тартуулап келсең, кийип жүргөн форма менен кызматың өзүнчө эле сыймык эмеспи»-деп сөзүнүн аягына чыкты.

Каарманыбыз эки кыз бир уулдун атасы. Өзүнүн иштеген ишине жана кийип жүргөн формасына сыймыктанып келет. Баласынын, кыздарынын «Менин атам милиция» -деген сөзүнөн дайыма күч кубат алаарын жашырган жок.

Данислан Асамидинов