Илдетти жуктуруп алган адамдар ооруну ар кандай жолдор менен жуктурушат. Айрымдарында, ал жеңил, симптомсуз түрдө өтөт, ал эми бейтаптардын калган бөлүгүндө оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Америкалык Рокфеллер университетинин окумуштууларынын эки жаңы изилдөөсүнө ылайык, Ковид-19дон көз жумган негизги себеп иммундук системанын бузулушу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Макала Science илимий журналына жарыяланды.

« COVID-19 дун оор түрү менен жабыркап, изилденген пациенттердин кеминде 3,5% да  вируска каршы коргонууга катышкан гендердин мутациясы бар. Ал эми катуу оорулуулардын кеминде 10% вируска каршы эмес, иммундук системага кол салган «авто-антителолорду» иштеп чыгышат. Андан тышкары, бул бейтаптардын 94% эркектер », — дейт изилдөө лидери Жан-Лоран Казанова.


Анын айтымында, бул иш коронавирусту аныктоодо жана дарылоодо түздөн-түз мааниге ээ.


«Эгерде кимдир-бирөөнүн коронавируска каршы анализинин оң натыйжасы болсо, анда ал сөзсүз түрдө авто-антителолордун бар-жогун текшерип, андан соң дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Эгер алар табылса, балким, мындай антителолорду кандан алып салуу оорунун белгилерин жеңилдетиши мүмкүн », — деди ал.