Франциянын президенти Эммануэль Макрон Le Journal du Dimanche гезитине берген маегинде Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко кызматтан кетиши керек деп билдирди.


«Беларуссияда болуп жаткан окуялар — бул бийликтин кризиси, авторитардык бийлик, ал демократиянын логикасын кабыл ала албайт жана күчтүн жардамы менен бекемдөөгө аракет кылат. Лукашенко кетиши керек экени айдан ачык», — деди француз лидери.


Мындан тышкары, Макрон Беларуссиядагы демонстранттардын эрдигине суктангандыгын баса белгиледи. «Алар дем алыш күндөрү демонстрацияга баруу менен тобокелчиликти барышат. Акцияны ар ишемби сайын уюштурган аялдар сыйга татыктуу», — деп кошумчалады Макрон.