Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургундары — эгиздер Нурсултан менен Бексултан эгиздин түгөйлөрүнө үйлөнүштү.

25 жаштагы Нурсултан менен Бексултан Мамаевдер Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында төрөлүп, ушул жерде өсүшкөн. Бир жыл мурда эгиз кыздар Сагида, Аида Дюшеновалар менен таанышкан.

Эгиз кыздар 20 жашта. Түп районунун Тогуз-Булак айылында жарык дүйнөгө келишкен.

Нурсултан менен Бексултан 3 бир туугандын экинчилери, билимдери жогорку. Ал эми Сагида менен Аида беш бир туугандын экинчилери. Аида журналист, Сагида ветеринардык дарыгер кесибинин ээси. Эгиздердин ата-энеси аларды калдарынан айырмалашат. Бексултанда менен Сагида кал бар.

Эгиз түгөйлөр той аяктагандан кийин борбордо жашашат.

Булак: Турмуш басылмасы