Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
-Ош ш. – 1
-Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 22 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3241 учур катталды, алардын ичинен 2976 медкызматкер айыгып чыкты.