Мындай билдирүүнү, журналист Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Баардык партия лидерлеринин, эл алдында сүйлөгөн кандидаттарынын үнү кырылдап бүтүп калыптыр. Айтып коеюн, шайлоого чейин үнүңөр бүткүчө убада берип, парламентке келгенде бутуңар үзүлгүчө чуркабасаңар, биринчи душманыңар болом! 7чи чакырылыш мурункудай кнопка басып отурбайт, биринчи күндөн баштап контролго алабыз.

Азыр келе электе эскертип атабыз, биринчи мыйзамыңар, чет өлкөдөгү кыргыздын баарын катыштыруу үчүн мыйзамдарды өзгөртүү киргизип, онлайн шайлоо өткөрүүгө шарт түзө турган мыйзамдарды кабыл албасаңар, башка аракетиңер 1 тыйын. Себеби, бул шайлоодо кыргыз атуулдарынын эмгекке жарамдуу бөлүгү катышкан жок. Качан мигранттар шайлоого толук катышканда акчага 70 пайыз добуш сатып алынбаган, саппаттуу парламент келет. Андыктан, оң кулагыңар менен, сол кулагыңар менен угуп, блокнотуңарга жазып алгыла!

Биринчи мыйзам долбоору шайлоо кодексине байланыштуу болот!»-деген ал.