Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлүп, иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик бала бакчаларда балдардын саны аз жана бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми, мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп. Анын ар бирине индивидиалдуу мамиле кылуу зарыл. Андыктан, бул маселе каралууда.

«Мектептерде 2-6-класска чейин окутуу боюнча маселеси талкууланып жатат. Эгерде беткап тагынуу, социцалдык аралыкта сактоо сыяктуу талаптарды сактоо мүмкүн болсо, уруксат берилет. Башка класстардын жана Жогорку окуу жайдын студенттеринин окуусу кийинки этаптарда каралат”, — Нурболот Усенбаев.