Кыргызстандын аймагында коронавирус илдети күч алган учурда бир жолу карантин киргизилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев онлайн жыйында билдирди.

«Өлкө масштабында карантинди киргизүү – жооптуу иш-чара, ал инфекциянын башталышында 1 жолу киргизилет. Бул саламаттык сактоо уюмдарын даярдоо үчүн киргизилет. Эми бардыгы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге – коомдо беткап тагынуу режимди жана социалдык аралыкты карманууга жараша көз каранды болот. Анда анча белгилүү эмес карантиндик чараларды болтурбоого болот. Бирок, бул ар бирибизден көз каранды», — деп билдирди Усунбаев.

Анын айтымында, санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышы боюнча бири-бирине сын-пикир айтууга мүмкүн болгон учур да келет.