Аба каттамдардын калыбына келүүсү өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасирин тийгизген жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жазында коронавирустун жайылышын минималдаштыруу, ички жана тышкы миграцияны төмөндөтүү максатында өлкөдө аба каттамдарды жана башка баардык байланыштарды чектөө боюнча чаралар көрүлгөн.

«Кийинчерээк кырдаал турукташа баштаганда Тышкы иштер министрлигинен аба каттамдары калыбына келтирилген 50 мамлекеттин тизмесин алдык. Учурда вирустун мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Тышкы иштер министрлиги эпидемиологиялык кырдаал коопсуз болгон өлкөлөрдүн тизмесин текшерип, даярдайт. Ай сайын эки жолу анализ жүргүзүлүп, тизме жаңыланып турат. Аба каттамдардын калыбына келүүсү өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга таасирин тийгизген жок», — деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө темир жол каттамдарынын жандандырылышы боюнча маселе талкууланууда.