Бишкекте Донор күнүндө 84 адам 38 литр кан тапшырды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан  кабарлады.

Мэрия билдиргендей, дем алыш күндөрү «Адинай» сейил багында борбор калаанын саламаттык сактоо башкармалыгы, ден соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан Донор күнү белгиленип, анын алкагында жарандар кан тапшырышкан.

«Шаар тургундарына кан басымынын келип чыгуу себептери тууралуу маалымат, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча кеңештер берилди. 169 киши кан басымын текшерди. Алардын ичинен 48инин кан басымы жогорку болгон. 84 киши донор болуп, 38 литр кан чогулду», — деп билдиришти мэриядан. Мэрия ден соолук акциясына катышып, кан тапшырып кеткен жарандарга ыраазычылык билдирет