29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет.

Күндүз Баткен облусунун айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +3…+8
күндүз +15…+20

Талас облусунда

түнкүсүн 0…+5
күндүз +14…+19

Баткен облусунда

түнкүсүн +8…+13
күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +8…+13
күндүз +16…+21

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19

Нарын облусунда

түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +18…+20 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +14…+16 градус болот.