Кытай эл республикасынын түптөлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу 1-октябрдан 4-октябрга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бекеттери жабылат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрмө бекеттеринен жүк алып өтүүгө тыюу салынат. 5-октябрдан тартып бекеттер кайрадан ишмердүүлүгүн баштайт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы өткөрмө бекеттер убактылуу жабылган. Ишкерлердин өтүнүчү менен «Эркечтам» өткөрмө бекети май айында, ал эми «Торугарт» бекети август айынан тартып ишке кирди. Атайын алгоритмге ылайык, аталган өткөрмө бекеттеринен азырынча Кытайдан келе жаткан жүк гана алып кирилет.