Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, Венгрияга расмий визит менен келди. Бул тууралуу, — президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортундагы жайкы талаада Ардак кароолдун ротасы тизилип, кызыл килем төшөлгөн.

Расмий визиттин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

С.Жээнбеков менен Виктор Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын Төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.