Орусиянын Москва облусунун Ступино районундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө ураган кырсыктан жаракат алган Кыргыз жарандарына компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдирди.

Маалыматына ылайык, элчиликтин кызматкерлери «ФМ LOGISTIC» ишканасынын жетекчилери менен жолугуп, мекендештерге материалдык колдоо көрсөтүлөрү сүйлөшүлдү.

“Кампада жалпы 160 адам иштеген, алардын ичинен 51 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 29 Кыргыз жараны Москва облусуна караштуу медициналык мекемелерге жаткырылган. Кыргыз жарандарына жардам берүү боюнча консулдун кызматкерлери «ФМ LOGISTIC» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында жабыр тарткан Кыргыз жарандарын толугу менен медициналык камсыздоо маселеси чечилди. Экинчиси, жабыр тарткандарга дагы, тартпагандарга дагы 50 миң рублдан 160 адамга жардам катары каражат бөлүнүп берилмей болду. Ошондой эле оор абалдагылардын жакындары келем десе, учакка билет алып берүүгө даяр. Бардык макулдашуулар компаниянын кепилдик катына жазып алынды. Элчилик Кыргыз жарандарынын укугун коргоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 27-сентябрда Москва облусунун Ступино районундагы «FM LOGISTIC» логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 Кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес.