Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иш сапары менен Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда аталган аймакта жайгашкан Туюк-Төр аска – таш бетине тартылган сүрөттөр (петроглифтер) менен таанышып, учурдагы анын корголушу жана сактоо иш аракеттери менен жеринин таанышып чыкты.Туюк-Төр петроглифтери Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылындагы Каракол капчыгайында жайгашкан.

Бул объект жакыныкы жылдары жаңы табылган. Аталаган маданий- тарыхый эстеликти сактап калууну камсыздоо жана коргоону жакшыртуу үчүн бул аска таш бетиндеги сүрөттөрдүн макамын аныктоо зарыл. Министр иш сапардын алкагында аталган обьект менен таанышып жатып, алгачкы кезекте бул тарыхый маданий баалуулукка изилдөө иштерин дыкат жүргүзүп, анын баалуулугун толук аныктоо зарыл экендигин билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында табылган, тарыхый-маданий дөөлөттөргө ээ болгон кенчтер, археологиялык табылгалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш жана археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышпаган курулуш жана чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Андыктан, бул багытта министр мыйзамга туура келбеген иш- аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга, өлкөдө сакталып калган археологиялык баалуулуктарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, министрлик тиешелүү деңгээлде иш жүрө тургандыгын кошумчалады.

Талас облусунда аска-таш беттерине тартылган белгилүү жана уникалдуу эстеликтердин катарына Ур-Марал, Жалтырак-Таш, Чийим-Таш жана Кең-Кол петроглифтери кирет. Министрдин иш сапары дагы улант. Анда Талас районундагы Ак- Дөбө археологиялык эстелигине жана Бакай-Ата районундагы Күмүштак жергесиндеги тарыхый-маданий мурас объекттери менен жеринен таанышат.