Сахалиндин Оха шаарындагы экинчи класстарды окуткан  мугалим, адабий окуу сабагына балта менен келди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

 Билим берүү мекемесинин айтымында, аял класска куралды визуалдык жардам катары алып келген. Ал эми  прокуратура бул фактыны текшере баштаган.

Маалым болгондой, ата-энелердин бирөөсү уулу сабакта балта колдонгон мугалимдин айынан мектепке баруудан коркуп жатат деген кайрылуусун ЖМКларга жарыялаган. Анын айтымында,балдар туура эмес окуганда мугалим баштыктан балта алып чыккан. Бул окуядан соң бала стресске кабылган.