Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 2 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу  маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Ысык-Көл облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3243 учур катталды, алардын ичинен 2992 медкызматкер айыгып чыкты.