Кыргызстандын ооруканаларында 180,6 млн сомдук дары-дармектин камы бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдиргендей, күз-кыш мезгилдеринде болору божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата өлкөнүн ооруканалары фонд бөлүп берген 180,6 млн сомго керектүү дары-дармектерди сатып алган.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкек шаары 45,3 млн сомго;
— Ош облусу 45,2 млн сомго;
— Жалал-Абад облусу 39,7 млн сомго;
— Нарын облусу 13,7 млн сомго;
— Баткен облусу 12,3 млн сомго;
— Ысык-Көл облусу 10,4 млн сомго;
— Чүй облусу 10,7 млн сомго;
— Талас облусу 3,2 млн сомго.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөнбаеванын айтымында, дары-дармектер менен жеке коргонуучу каражаттар эсептөөлөргө ылайык сатып алынат.

«Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медицина мекемелериндеги дары-дармектерге мониторинг жүргүзүп турабыз. Андан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду да оор жана өтө оор түрдө ооруган учурлар үчүн да дарыларды сатып алат», — дейт ал.

Ооруканалардагы дары-дармектердин тизмеси:

— антиакоагулянтар (гепарин, эноксапарин);
— ден табын түшүрүүчү дарылар (парацетамол, ибупрофен), дезагрегант (Ацетилсалицил кычкылы);
— Цефалоспориндер тобундагы антибиотиктер;
— Амоксициллин+Клавулан кычкылы;
— наркоз дарылары;
— физиологиялык аралашма;
— Рингер аралашмасы;
— пероралдык регидратация үчүн туздар.