«Даймонд Сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен басып алуу боюнча  чуулгандуу маселе бир канча убакыттан бери сотто байма-бай каралып, улам бир кызык жагдайлар чыгууда. Айтор, суралып жаткандардын арасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы судьясы Э. Жаркеева да бар. Аны  соттук мантия кийген башкы коррупционер кылып көрсөтүү милдети коюлганбы, айтор, кайсыл бир тараптын таасири тийип жаткандай сезилет.

Коомчулук билиш үчүн бул иштин чоо жайына бир аз токтолууга туура келет. Рустам Воинов аттуу жаран инвесторлор менен болгон келишимин жараксыз деп табууну суранып, бир кезде сотко кайрылган экен. Анан да “BLS” ЖЧКдагы өз үлүшүн ажыратууда алдангандыгын, кытайлардан эч кандай акча албагандыгын көрсөтүптүр. Сот ишти карап чыгып, анын доо арызын канааттандырган. Бишкек шаардык соту жана КР Жогорку Соту сыяктуу жогорку инстанциялар чечимди күчүндө калтырган.

Бирок, маселе саясатташып кетип, иш боюнча мурдагы судья Э.С.Жаркеева гана жоопко тартылып калып жатпайбы!  Эгерде мурдагы судья Э.Жаркееванын чечими жогорку инстанциялар тарабынан күчүндө калтырылса, эмне үчүн анын кесиптештери аны менен жоопкерчиликти тең бөлүшпөйт? Же коррупция менен күрөшүү тандалма жол менен жүрүп жатабы? Суроо ушул күнгө чейин ачык бойдон калууда. Анан да Э. Жаркеева Рустам Мамановдон  каражат алып, «Даймонд Сити» турак жайы боюнча маселени ал кишинин пайдасына оодарган имиш. Бул эки адамдын сүйлөшкөнү, жолукканы, пара бергени тууралуу бир дагы факты жок. Жок дегенде телефондон сүйлөшкөнү боюнча дагы далил жок болуп жатпайбы! Аа, баса, сотто сурак бергендер (Даймонд Ситиден батир алгандар.

Алар батирлерди мыйзамдуу жол менен алышкан) Р. Маманов аттуу инсанды дегеле таанышпайт экен. Демек, бул ишке аны жөнү жок аралаштырып, саясатташтыруунун кереги бар беле? Маманов өзү деле өмүрү мамлекеттик кызматта иштебеген адам экен. Казынага бир сом зыян келтирбептир. Анан аны каяктан коррупциялык ишке байлап атышат? Бул жагы бизге түшүнүксүз.  

«Даймонд Ситинин» иши боюнча Рустам Мамановдун бир да күнөөсү далилденбегендигин юридикалык илимдердин доктору, профессор, КР Коопсуздук кеңешинине караштуу коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун мүчөсү Кайрат Осмоналиев да айтып жатат. «Даймонд Сити» турак жайы- бул эки кытай жаранынын талашы. Бул граждандык иш дешет юристтер. Андыктан, бул иште себепсиз жапа чегип жаткан адамдар соттон адилеттүү чечим күтүшөт. Себеби, калыстыктан тая элек, адамдык парасаты бийик сотторубуз да жок эмес