Бүгүн, 30-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жана Нарын облусунда жаан жаашы күтүлөт, деп билдирди Кыргызгидромет. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетсе, айрым аймактарда секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +13…+18

Талас облусунда +14…+19

Баткен облусунда +11…+16

Ош, Жалал-Абад облустарында +15…+20

Ысык-Көл облусунда +12…+17

Нарын облусунда +13…+18

Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +16…+18 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы +13…+15 градус болот.