Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен 119 643 миң сасык тумоого каршы вакцинанын дозасы сатылып алынган. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

Бишкек ш. – 27000;
Чүй облусу – 24000;
Ош ш. – 5000;
Ош облусу – 18000;
Жалал-Абад облусу – 17643;
Баткен облусу – 9000;
Ысык-Көл облусу – 9000;
Нарын облусу – 5000;
Талас облусу – 5000 доза.

Бүгүнкү күндө, вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2%ы колдонулду.

Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, республиканын бардык ҮМБларында (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык- аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда,