2020-жылы Азия чөлкөмүндөгү он миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинен түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу CNBC Дүйнөлүк Банктын маалыматтарына шилтеме берүү менен жазат.

Аймактын 38 миллион жашоочусунун кирешеси күнүнө 5,5 доллардан төмөндөшү мүмкүн.

«Чыгыш Азиядагы жана Океаниядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жакырчылыкта жашаган адамдардын саны акыркы 20 жылда биринчи жолу өсүшү мүмкүн»,- деп билдирди уюм.

Дүйнөлүк банк белгилегендей, экономикалык өсүштү жок кылган пандемия болбосо, быйыл 33 миллион адам мындай келечектен кутулуп кетиши мүмкүн.


«Коронавирустук кризистен калган тырыктар бир нече жылга созулушу мүмкүн»,- деп билдирди уюм. Ошол эле учурда Дүйнөлүк банк карантинге байланыштуу технологиянын тереңирээк кириши жакыр адамдар үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткандыгын белгиледи.

Буга чейин БУУ 2020-жылы дүйнө калкынын 8,8 пайызы өтө жакырчылыкка дуушар болоорун жарыялаган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга көп. Уюм өтө жакырчылыкты күндөлүк кирешеси 1,9 доллардан ашпаган кырдаал деп аныктайт.