Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан кечээ, 29-сентябрда Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлерин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев жана ТМККга мүчө-мамлекеттердин элчилери коштоп жүрүштү.

Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан ТМКК өкүлчүлүгүнүн имаратын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмөнү көрүп чыгышты.

Фотокөргөзмөдө адабиятчы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын венгер тилине которгон Давид Шомфаи 2006-жылы Чыңгыз Айтматовдун Венгрияга келгени, улуу жазуучу менен баарлашканы, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун туулган айылына — Талас облусундагы Шекерге барганы тууралуу кыргыз тилинде айтып берди.

Сооронбай Жээнбековго Чыңгыз Айтматовдун венгер тилине которулган «Чыңгызхандын ак булуту» повестин берди.

ТМКК башкы катчысы Багдад Амреев Сооронбай Жээнбековдун Түрк кеңешинин европа өкүлчүлүгүнө биринчи келген борбор-азия лидери экенин белгиледи. Ал бул окуянын символдуулугун айтып, Венгрия дагы дал ушул Кыргызстанда Түрк кеңешине байкоочу макамына ээ болгонун эске салды.

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан түрк дүйнөсү эми Европада дагы өзүнүн бир бутагына ээ болгонуна токтолду. Бул өкүлчүлүк Түрк кеңешинин европалык ченеми болуп саналаарын өзгөчө баса белгилеп, Венгрияны түрк ааламындагы элдердин Европадагы эшиги катары кароого чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнүн ачылышы аталган Уюм үчүн чоң мааниси бар экенин, Европа өлкөлөрү жана институттары менен түрк дүйнөсүнүн өз ара мамилелерин бекемдөөгө түрткү берерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөдө чоң ролду ойной турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Түрк кеңешинин европа өкүлчүлүгүнүн ачылышындагы Виктор Орбандын жеке салымын баса белгиледи. Ал ТМККнын ишмердүүлүгү мындан ары дагы жайыларына үмүт артып, ошондой эле боордош венгер эли менен эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын дагы бир жолу канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырышты.