Лейлекте айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунда 30-сентябрга караган түнү саат 1:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Хонда фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти.