Кыргызстанда сутка ичинде 118 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда – 51, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 879га жетти.