Тайэнем киши карыганда кереги жок буюмдай болуп калат экен деп эле келген кишиге айта берет. Эмнеге минтип айтып атканын өзүм дагы билбейм. Өзүнө сурагым келбейт анткени кары адамдар, жашы өткөн сайын жаш балача таарынчаак болуп калышат экен.

Тайэнем биз менен жашайт, ага жаман мамиле деле кылбайбыз. Какпайбыз, айтышпайбыз, айтканын угабыз, айтканын жасайбыз, каалаган тамагын жасап беребиз! Тайнемдин айткандарын уккан киши биз жөнүндө жаман ойлоп, укканына ишенип атышат деп акыркы күндөрү ойлончу болдум.

Келген конокторго бир айтты, эки айтты унукпадык, токтобой эле ушинтип көп айтчу болду! Таенелери менен жашагандар болсо, сиздерде дагы, ушундай сөздөр болобу үйүңөрдө? Туугандарыбыз, неберелери, бир туугандары бат- баттан келип акыбалын сурап, учурашып кетишет! Көңүлү калчу же таарынчу деле эч нерсе жок! Билбейм эмне болуп атканын, түшүнбөй жатам…