29-сентябрда Кувейттин эмири Шейх Сабах аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах 92 жаш курагында көз жумганын Al Arabiya телеканалы билдирди. Министрлер Кеңеши Шейх Сабах АКШда каза болгонун, ал операциядан кийин 22-июлдан бери дарыланып жаткандыгын жарыялады.


Кувейттин маркум эмири Сабах Аль Ахмед Аль Джабер Ас Сабахтын сөөгү бүгүн АКШдан мекенине жеткирилет.

Мураскер  Наваф Аль Ахмед Аль Джабер Сабах Кувейттин жаңы эмири болуп калды.